Тажикстан Эл аралык валюта коруна 48 миллион долларды кайтарып төлөп берүүнүн камылгасын көрүүдө. Өлкөнүн Улуттук Банкынын жаңы жетекчиси Шариф Рахимзади (Sharif Rahimzoda) Тажикстан өзүнүн оор акыбалдагы экономикасын көтөрмөлөө үчүн бул кадамга атайын барганын ырастады:
- Биз айыл чарба тармагын колдошубуз керек. Кредит алуу – бул көйгөйдү чечүүнүн жолу болчу. Эми келечекте Улуттук Банк мындай көз боемочулукка барбайт.
Бул сөздөрдү айткан Рахимзади Тажикстан Улуттук Банкынын мурунку башчысы Муродали Алимардандын (Murodali Alimardon) ордуна быйыл январь айында келген. Ага чейин банкты 13 жыл бою башкарган Муродали Алимардан Эл аралык валюта коруна жалган маалымат бергендиги үчүн кызматынан алынган.
Акыркы 10 жылдыкта Тажикстан үчүн бул кыш абдан эле оор болду. Күздүк эгин каттуу жааган кардан жана сууктан улам ойрон болгон. Ал эми жаз мезгилиндеги кардын эриши көптөгөн селдерди жаратып, жазгы эгинге оорду толгус зыян тийгизиши ыктымал.
Тажикстан үчүн мындай катаал мезгилде Эл аралык валюта корунун көз боемочулук аракетин ашкерелеп койгону расмий Дүйшөмбүгө оор сокку болду.
Тажкстандын Борбордук банкынын жетекчиси Рахимзадинин мындай калпыстык кайталанбайт деген убадасына карбай, Эл аралык валюта кору акчага муктаж жана дүйнө жүзүндөү эң жакыр өлкөлөрдүн бири саналган Тажикстанга мындан ары насыя берүүнү маалкатат го, деп жергиликтүү коомчулук санаркоодо.
Кантсе да Эл аралык валюта корунун Тажикстандагы туруктуу өкүлү Лук Моерс (Luc Moers) бул институт мындан ары банктын жаңы жетекчиси менен кызматташуусун улантаарын айтканда, тажик аткаминерлери бир кыйла жеңилдене түшүштү:
-Эл аралык валюта кору мындан ары да Тажикстан менен тыгыз кызматташтыкта иштээрин дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет. Рахимзади мырза менен жекече алакам мыкты деп айтсам болот. Эске сала кетейин, Рахимзади жаңы эле бул кызматка дайындалып, эми ал мүшкүлдүү ишти дароо эле чече билиши керек, - деп билдирди өз ишеничин Лук Моерс.
Тажикстан Улуттук Банкы жол койгон көз боемочулук өлкөгө берилчү болочок насыяларга кесепетин тийгизбей тургандыгын Азия Өнүгүү Банкы да тастыктады.
Анткен менен кредит насыя эл аралык каржы институттарынын расмий өкүлдөрү Тажикстанга коррупциядан арылуу зарылдыгын эскертишип, толук ачыктыкка жетүү кажет экендигин талап кылышууда. Эгерде Тажикстан бул көрсөтмөлөрдү аткарбаса, тажик эли өтө муктаж болгон чет өлкөлүк инвестициялардан куру арылып калуу коркунучуна тушугушу ыктымал дешет эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү.