Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

8:07 Бүгүн “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланат


Бүгүн “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланат. Долбоорго парламентке өткөн саясий партияларды мамлекеттик камкордукка алуу жөнүндө жобо киргизилген. “Акыйкат үчүн” кыймылы, “Арнамыс” партиясы баштаган оппозициялык күчтөр жаңы долбоорду “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгын көздөп жатат деп, долбоордун жокко чыгарылышын талап кылган билдирүү таратышты. “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип жаткан депутаттык топтун мүчөсү Динара Молдошеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, долбоор толук иштелип бүтө элек. Парламенттик угууга ар кыл көз караштагы партиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер чакырылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG