Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы Дэвид Петреус быйыл июль айынан тарта Ирактан аскерлерди чыгаруу жараянын токтото туруу керек деп эсептейт. Генерал бул тууралуу Сенаттын тиешелүү комитетиндеги угууда билдирди. Америкалык генералдын ырастоосунда Ирактын бир топ аймактарында коопсуздук кырдаалы жакшырды, бирок жетишкендиктер текши эмес. Генерал Петреустун айтымында, былтыр келген кошумча күчтөр чыгарылаары күтүлгөн июль айындагы 45 күндүк танапис кырдаалга баа берүү үчүн керек.
Бүгүн Багдадга америкалык аскерлер кирип, Саддамдын режими кулатылагынын беш жылдыгы. Буга байланыштуу өкмөт автоунаалардын каттамына бир күнгө тыюу салды.
Бүгүн Багдадга америкалык аскерлер кирип, Саддамдын режими кулатылагынын беш жылдыгы. Буга байланыштуу өкмөт автоунаалардын каттамына бир күнгө тыюу салды.