Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

АЛТЫ ДООЧУ БИР КЕЛСЕ АМАЛЫҢДЫН КЕТКЕНИ


Кыргызстанда Кытайдын жылма экспансиясы жүрүп жатканын эчким таналбайт. Ансыз да өлкө базарлары кытайдын арзан товарларына эбактан бери эле толгон. Кытай компаниялары болсо Кыргызстанга биринин артынан бири кирүүдө. Кыргыз жаштары кытай тилин үйрөнүп, айрымдары Кытайга окуш үчүн кетип жатат. Ырасмий маалымат боюнча 2007-жылы Кыргызстанга 38 миң кытай кирип, 37 миңи кайра чыккан. Саясат изилдөөчү Марс Сариев кылымдар бою ийиндеш жашаган калктан душмандын образын издегенден көрө өз ара жер-жерге бөлүнүп алып былгып жаткан кыргыз элитасы Кыргызстандагы биримдик маселеси жөнүндө көбүрөөк ойлонсо болор эле дейт бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити http://delo.ktnet.kg).

Гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып Марс Сариев, айрым такталбаган маалыматтар боюнча азыркы күндө 10 миң кытай жашайт, алар кыргыз кыздарына үйлөнүп, балалуу болуп, кыргыз жарандыгын алып жашай баштады, тактап айтканда туруктуу жашап калганга адаптацияланууга өттү, алтургай Америка деп аталган чоң казанга түшкөн кытайлыктарды да АКШ америкалык кылып кайнатып чыгаралбай койду, бүгүн Кошмо Штаттардын эң чоң деген шаарларында англисче бир ооз сөз билбеген кытай кварталдары коолап-чайлап, ээн-элкин өмүр сүрүүдө. Кытай бизди күч менен эмес, акырындап экономикалык жол менен эле басып коет. Ансыз да өлкөдөгү товар айлантуунун 80 пайызы кытайга таандык деди.

“Анда эмесе ушинтип олтуруп Кытай Кыргызстанды өзүнө каратып албайбы?” деген суроого Марс Сариев, "бул эми белгилүү батыш саясатчысы айткан төрт баскычтуу схема менен өнүгөт. Бөтөн бир улуттун өкүлдөрү саны жактан көбөйгөндөн кийин алгач тилин сурайт же тилибизге ырасмий статус бергиле деп чыгат, анан маданий-экономикалык автономия сурайт, акырында толук саясый-экономикалык суверинитет сурайт. Кыргызстанда мына ушундай абалда бүгүн 1-орунда кытайлар эмес өзбектер турат, эртеби-кечпи, дал ошол өзбектер тараптан этникалык автономия маселесин коюп чыккан Фергана өрөөнүнүн өз Косовосу пайда болору күмөн туудурбайт. Бүгүн алакандай Кыргызстанда түрктөрдүн да экспансиясы жүрүп жатат, бир жагынан АКШ америкалаштыралбай атса, бир жагынан аз эле жылда байып чыга келген казактар жөөлөп жатат акчасы менен. Мына ушундай аймактык-кландык кармаштын алкагында президент өз бийлигин сактап калуу үчүн Борбор Азия менен Орусия лидерлеринин колдоосунан таяныч издейт. Андай таянычка ээ болуу үчүн сөз жок улуттук кызыкчылыктарды садага чабуу керек болот. Эң коркунучтуусу ушул. Бул өңдүү саясый от менен албетте Кытай да ойношу мүмкүн деп эсептейт саясат изилдөөчү.

Ушул эле гезит мурдагы спецназчы жана айрым бир белгилүү адамдардын жансакчысы болуп жүрүп, бүгүн киши өлтүргөн деген айып коюлуп, соту болуп жаткан Эркин Мамбеталиевди Бишкектин 1-Май райсотундагы сот жүрүшүнөн репортажды, президент К. Бакиевдин мурда 4 кеңешчиси болсо азыр анын экөө-Үсөн Сыдыков менен Султан Айжигитов гана калып, президенттин дагы бир, эларалык байланыштар жана маданият боюнча кеңешчиси, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев кыскартууга туш болуп ишсиз калганы тууралуу маалыматты жана көптөн бери чатакка айланып, гезиттен гезитке жазылып келаткан дал ушул Б. Шамшиевдин үйбүлөлүк “драмасы” жөнүндө макаласын жарыялады.

“Алиби”өткөн сандарынын биринде “Газпромталон-миллион” деген макала басып, анда “Газпромнефть Азиянын” ана башчыларынын биринин буйругу менен 5 миллион 300 миң сомго жасалма талондор жасалганы жазылганын, макала чыгары менен Улуттук коопсуздук кызматынан, Финансы полциясынан, Акүйдүн өзүнөн телефон чалуулар болгонун, бирок макалада сөз болгон ишкана аны чымын чакканча көрбөгөнүн белгилеп, жакында ушул жактагы миллиарддаган акачалардын кайда кеткенин, алар кандай жолдор менен жасалганын тактап беребиз. Эки күндүн ичинде же 2007-жылдын 22-ноябрында Карыпбек, Рахат, Жакут, Эсен, Кенжебек, Рыспек, Бейшен аттуу газпромдун шоопурлары кайсы нефтебазадан кайсы май куючу станцияга канча литр күйүүчү май ташыганын жана алардан түшкөн миллиондогон сом кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн дагы билебиз. Мынча суммадагы акчаларды жалгыз аталган ишканынан жетекчилери жеген эмес, аларга жардам берген салыкчылар бар деп жазды.

Ушул эле гезит “Жакшыларга дубай салам” деген тема алдында жарыялаган эки каттын бирин Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун дарегине багыштаган. Мында 5 ай мурда Мадумаров мырза ошол кездеги КТР жетекчиси Кыяс Молдокасымов, “Багыт” телепрограммасынын алып баруучусу Эрнис Кыязовдун коштоосунда Акүйдөн анча алыс эмес жерде майда-чүйдө сатып жан баккан, эки буту жок майыпка жардам кылабыз кыясында: “Президент Курманбек Салиевич өзү жиберди. Сизге жер участогун алып берип, үй курганга материалдык жардам берели” деп убада берип, жакшы эле соопкерчилик кылган болуп жатышкан деп жазган гезит кабарчысы, кечээ капилеттен Айчүрөк дүкөнүнүн жанынан тамеки сатып олтурган ошол майыпка жолугуп калганын, сурамжыласа ошол күндөн ушул күнгө чейин чоңдордун айткан убадалары аткарылмак тургай, өзүлөрүн да көрбөгөнүн айтканын кабарлап, Адахан мырза экран аркылуу эл алдында берген убадаларыңыз унутулуп кала береби? Эсиңизде болсо “Ал тапшырманы президент берди. Биз жардам беребиз” дебедиңиз беле. Анын ушул эки буту жок мунжу адамга кылган адамгерчилигиңиз ушулбу", деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG