Бул тууралуу Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Бөрүбек Ашыров бүгүн "Азатыкка" билдирди. Жолугушууда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу, ошондой эле регионалдык кызматташуу маселелери козголот. Кыргызстан Европа Биримдиги менен биргеликте Бишкекте Суу академиясын ачуу жана суу маселеси боюнча жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүүнү уюштурууга аракеттенүүдө.(AiT)