Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

11:58 Кыргызстан президентинин Казакстанга расмий сапары келерки жумада болот


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев "Азаттыкка" бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, расмий сапар 17-18-апрелде болуп, анын учурунда Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттер аралык Кеңешинин алгачкы отуруму өткөрүлөт. Президенттин расмий сапарынын алдында Астанага жумуш сапар менен тышкы иштер миинстри Эднан Карабаев бармакчы. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Карабаевдин сапары учурунда президенттердин жолугушуусуна жана мамлекеттер аралык Кеңешти өткөрүүгө акыркы даярдыктар көрүлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG