Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

12:30 Президент Россиядагы кыргыздардын суроолоруна жооп бере элек


“Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, 31-мартта Россиядагы кыргыздар ММКлар аркылуу президент Бакиевге жолдонгон тогуз суроонун бирине да бийлик тараптан жооп келе элек. Россиядагы эмгек мигранттарынын атынан президентке берилген бул суроолордун арасында Коомдук парламенттин түзүлүшү, бийликтин ыңкылаптан кийинки жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу суроолор менен катар миграция боюнча мамлекеттик саясаты, Россияда окуган кыргыз студенттер үчүн жол акысын арзандатуу өңдүү маселелер да бар. Ушул суроолорду кыргыз диаспорасы президентке ал февраль айында КМШ өлкө жетекчилеринин саммитине катышуу үчүн Москвага барганда берүүгө ниеттенишкен болчу. “Бирок президенттин убактысы тар болгондуктанбы, биз аракет кылсак да, аны менен жолугуша алган жокпуз”, - деди Абдыганы Шакиров. (JTo)

XS
SM
MD
LG