Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов бүгүн билдирди. Анын айтымында координациялык кеңештин бүгүн болгон жыйынында курултай учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге кайрылуу кабыл алынды. Ошондой эле курултайда кабыл алына турган чечим жана калкка кайрылуунун долбоору талкууланды. 12-апрелде Кожомкул атындагы спорт сарайда боло турган курултайда төрт киши негизги докладдар менен чыгат. Алардан сырткары 20га жакын кишинин сөз сүйлөөсү күтүтүлүүдө.(AiT)