Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

19:37 “Ак Жол” сунуштаган партиялар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, өлкөдө диктатура орнойт


“Ата мекен” партиясынын Ош облустук төрайымы Мейликан Эмилбаева дал ушундай пикирин “Азаттыкка” билдирди. Анын оюнча аракеттеги мыйзам өлкөдө саясий уюмдардын эркин калыптанып өнүгүшүнө өбөлгө жаратууда. Ал эми жаңы долбоордогудай бир гана партияга артыкчылык ыйгарылса мамлекеттин болочогуна балта чабылып, жаңы чыр-чатактардын тутанышына алып келиши ыктымал. “Ак Жол” партиясынын Ош аймактык лидери Авазбек Шамшиев, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кажети жок, шайлоолордо уткан саясий уюм республиканын бүтүндөй тагдырына жооп берет, ошондуктан ал мамлекеттик казынадан каржыланышы зарыл, деп эсептейт. (АТо)

XS
SM
MD
LG