Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

19:40 Таластагы Кароолчоку кайрадан казылышы ыктымал


Мындай маалыматты кечээ күнү облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков облустун акимчилигинде жергиликтүү журналисттер менен болгон пресс конференцияда билдирди. Анын айтымында, ал бул маселе боюнча вице премьер-министр Досбол Нур уулу менен сүйлөшүп, жакында Кыргызстандын атактуу археологдору жана башка ушуга тиешелүү адистер тарабынан атайын комиссия түзүлөөрүн айтты. Ал комиссия бул ишти же аягына чыгарып казат, же болбосо биротоло токтотушат, дейт облустун губернатору. Эгер токтотулса бул ишке ким уруксат берсе, ошолор тарабынан Кароолчоку кайрадан мурдагы калыбына келтирилиши керектиги тууралуу да Досбол Нур улуу менен болгон сүйлөшүүдө айтылган экен. (UA)

XS
SM
MD
LG