Президент Серж Саркисяндын инагурация маалында миңге жуук киши аянтка чогулушту. Оппозициялык талапкер Левон Тер-Петросяндын тарапкерлери президенттик шайлоону тааныган жери жок. Полиция акция уюштургандарды шаршемби күнү кечке жуук сүрүп чыгаруу убагында тирешүү болду, кармалгандар тууралуу маалымат жок. Оппозициянын 1-марттагы нааразылык акциясынын учурунда 8 киши өлүп, 250сү жабыркашкан.