Кошмо Штаттардын Сан-Франциско шаарында Пекиндеги быйылкы Олимпиада отунун дүйнө боюнча жүрүшүнүн кезектеги бөлүгү күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Факелди алып чуркагандарды жүздөгөн полициячылар кайтарып жүрүштү. Шаар бийликтери Олимпида отунун маршурутун кыскартып, анын жабылыш салтанаты өтүүчү жерди алмаштырышты. Анткени бул жерде Кытайдын Тибеттеги саясатын айыптаган, ошол эле учурда Кытайды колдогон миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан эле. Кабарларга караганда, Сан-Фрацискодо Тибетти жана Кытайды колдогон топтор ортосунда тирешүү орун алган, бирок полиция олуттуу зордук –зомблук болбогонун билдирди. Сан-Франциско АКШнын быйылкы Олимпиада оту өтүүчү жалгыз шаары. Кытайга каршы нааразылык чаралары Олимпиада отун ал Париж менен Лондондо болгон учурда да коштогон эле.