Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

12:05 Жыл башынан бери Кыргызстанда 3641 жол кырсыгы болуп, 341 адам каза тапкан


Анын көпчүлүгү жеңил автоунаа айдоочуларынын жол эрежесин билбегендигинен болгон. Бул тууралуу парламентте депутат Рахатбек Рысалиев маалымдады. Ал “Тико”, “Дамас” сыяктуу автоунааларда киши ташууга тыюу салуу, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн уруксат алууну катаалдандырууну сунуш кылды. Кыргызстанда жалпысы болуп 220 миңден ашуун жеңил автомашина бар. Анын ичинен болжол менен 70 миңге чукулу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулат. Ал эми салык инспекциясынын маалыматы боюнча былтыр 3 миң жеңил автоунаа жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат жана патент алышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG