Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

12:55 Орусияда скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн арасында кыргыздар биринчи орунда


Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын бүгүнкү санында өлкөдөгү улутчулдук тууралуу Москва шаарынын прокурору Юрий Семин шейшембиде өткөргөн маалымат жыйынынын негизинде макала басылды. Анда прокурордун сөзүнө шилтеме келтирилип, “Бүгүн тартип коргоо органдары ксенофобиялык кол салуулар менен байланышкан 30 фактыны иликтеп жатышканы” жазылды. Салыштыра келгенде, былтыр мындай маанайдагы 5 эле окуя иликтөөгө алынган болчу. Бул бул деле расмий статистика, деп айтылат макалада. “Новая газета” өзүнүн статистикасын келтирди. Ага ылайык, 2008-жылдын башынан тарта Москва шаары боюнча эле улуттук жек көрүүчүлүк менен 66 адамга кол салуу болду. Алардын ичинде 25 окуя адамдардын өлүмү менен аяктаган. Скинхеддердин колунан көз жумган чет-өлкөлүктөрдүн ичинде биринчи орунда кыргыздар турушат. Жыл башынан тарта кыргыздарга 12 кол салуу болуп, 10 жолкусунда адамдар көз жумган, деп айтылат макалада. Экинчи орунга азербайжан улутундагы мигранттарга кол салууларды койгон гезиттин маалыматына караганда, аларга жыл башынан тарта 10 жолу кол салуу болсо, анын үчөө адамдардын өлүмү менен аяктады. Макалада айтылгандай, “Улутчулдукту жок кылуу үчүн коом милицияга, прокуратурага жана ФСБга басымды күчөтүшү зарыл”. (TD)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG