Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

16:49 Таласта бейөкмөт уюмдун имаратына ууру кирди


Талас шаарындагы Чубак Сатаев көчөсүндөгү “Манас-1000” деп аталган бейөкмөт уюмунун имаратына 30-мартта кечки саат 11лер чамасында уурулар кирип, 25 миң сомдук компьютердин тетиктерин жана башка бир топ майда буюмдарды көтөрүп кетишкен. Аталган уюмдун жетекчиси Сирел Шейшенов бул жерде саясий багыттар да бар болуш керек деп божомолдойт. Анын айтымында, акыркы учурда алар алтын кендердин тегерегиндеги экологиялык маселелердин үстүндө иштешкенин “Азаттыкка” айтууда. Өткөн жылы 11-декабрда Талас шаарындагы “Демократияны колдоо” маалымат борборунун имаратына да уурулар кирип, ушундай эле компьютердин маалымат сакталуучу тетигин алып кетишкен. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери аталган ишке бүгүнкү учурга чейин кайдыгер мамиле жасашууда, дейт борбордун жетекчиси Гүлнара Избасарова. (UA)

XS
SM
MD
LG