Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

16:54 Өзбек чек ара кызматкеринин кыргызстандык жаранга ок аткан фактысы боюнча териштирүү башталды


Бул туурасында бүгүн Чек ара кызматынын түштүк башкармалыгынан «Азаттыкка» маалымдашты. Алардын айтуусунда, кечээ Кыргызстандын «Карасуу» заставасына караштуу жерде бейтааныш киши аймакты видеотасмага тартып жүргөндө, аны кыргыз жараны кармаганга үлгүргөн. Ошол учурда коңшу мамлекеттин чек арачылары кыргызстандыкты карай ок жаадыргандыктан, кармалган адам бошонуп, Өзбекстанды карай кире качкан. Жергиликтүү талдоочу Асан Каракозуев мындай окуялар мурда да болгондугун эске салып, кыргыз бийлиги коңшу өлкө менен теңата сүйлөшүп, чек ара эрежесин бузгандарды жазага чегермейинче, тирешүүлөр жүрүп олтуруп акыры чоң чырга айланаарын кошумчалады. (АТо)

XS
SM
MD
LG