Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

17:30 Акыйкатчынын облустагы өкүлү төрт багытта иликтөө жүргүзүүдө


Өкүлчүлүктө ушул тапта арыз даттануулардан тышкары адам укугунун сакталышына байланыштуу төрт багытта изилдөө жүрүп жатат. Облуста тергөө изолятору болбогондуктан соттолуучулар убактылуу кармоо жайларындагы 4-8 орундук камераларда 12-13дөн болуп отурушат. Ал жайлар менен тергөө маалында жана адам кармалган учурдагы кыйноолор, эмгек, нике, аялдар менен алиментсиз калган балдардын, казналык кызматкерлердин укуктары изилденет. Соттордун ачык-айрымдуулугу менен жоопкерчилигине да баа алынат. Бул тууралуу билдирген акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманованын айтымында, жыл башынан бери 185 адамдан, же былтыркыга караганда эки жарым эсе арыз көп түшкөн. Алардын көбү сот, прокуратура, милиция тармагынын кызматкерлерине нааразылыктарын билдиришип, укуктарын алардан коргоп берүүнү өтүнүшкөн. (YA)

XS
SM
MD
LG