Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Аба ырайы: 11-апрелде Ысыккөл жана Чүй облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрөт


Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун маалыматына караганда, 11-апрелде Ысыккөл жана Чүй облустарынын тоо этектеринде 0...-1 градус болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүлдөп калган бак-дарактарга өз залакасын тийгизиши мүмкүн.

11-апрелде Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана Ош, Жалалабат, Баткен облустарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +18...+23 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +16...+21 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, айрым жерлерде 0...-1 градус болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +10...+15 градус жылуу.
Нарын жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +10...+15 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +20...+22 градус.

XS
SM
MD
LG