41 жаштан 64 жашка чейинки курактагы бул төртөөнү кошкондо Жапонияда соңку 6 ай ичинде өлүм жазасына тартылгандардын саны 10 кишиге жетти. Укук коргоо уюмдары ырасмий Токиону өлүм жазасын колдонгону үчүн сындап келатат, бирок жапон өкмөтү коомчулукта аны колдогондор арбын экенин белгилейт.