Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мен ишенбейм..” кыймылынын лидери Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, кармалган 52 адамдын ичинде алты кишинин соту ушул мүнөттөрдө Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат. Калган адамдардыкы башка күндөргө белгиленди, деп айтты Жоомарт Сапарбаев.
Бүгүн түштө “Атамекен”, “Арнамыс”, “Жашылдар” партияларынын жаш канаттарынын жана “Мен ишенбейм..” кыймылынын мүчөлөрү Каркыра жайлоосундагы, Таластагы, Чүй суусунун жанындагы чегара аймактары, Ысыккөлдөгү төрт пансионат Казакстандын карамагына берилбесин! деген талаптар менен Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Акция көпкө созулбай эле, аларды милиция кармап кеткен эле. Нааразылык акциясына чыккан жаштар “милицияга баш ийбеген” жана “митинг-пикеттерди өткөрүү тууралуу эрежени бузгандыгы” үчүн административдик жоопко тартылышаары айтылууда. (TD)