“Акыйкат үчүн!” кыймылынын координациялык кеңеши менен уюштуруу комитети бүгүн элдик курултайга даярдыктарды талкуулайт. Эртең өтөрү күтүлүп жаткан элдик курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык, адеп-ахлактык кырдаал талкууланып, резолюция кабыл алынат. Курултайга бир жарым миң чамалаш делегат катышары айтылууда, жер-жерлерден шайланган делегаттардын алды келе баштады. Бул тууралуу кыймылдын кеңсесинен кабарлашты. (BuS)