Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

7:47 Жогорку Кеңеш 4 пансионатка байланышкан казак-кыргыз макулдашуусун бүгүн карайт


Бүгүн Жогорку Кеңеш Ысыккөлдүн аймагындагы курорттук-рекреациялык обьектилер боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселесин караганы жатат. Макулдашууда Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын жерин 49 жылга күрөөгө берүү каралган. Буга каршы чыккан коомдук-саясий чөйрө өкмөттөн ириде обьектилерди Кыргызстан өз менчигине алып, андан кийин жерди имараттары менен күрөөгө берүү керек деп эсептешүүдө. Айрым саясатчылар маселенин бул өңүтүн эске албаса, пансионаттар анклавга айланат деп кооптонуп жатышат. Казакстандын каражатына курулду деп саналып, Совет мезгилинен бери бир ыктай чечилбей келаткан “Казакстан” санаторийи, “Самал”, “Унверситет” эс алуу үйлөрү Бостериде, “Олимп” ден соолук борбору Корумду айылында жайгашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG