Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулаганы жатат. Долбоорду парламент кечээ күн тартибине кезексиз киргизди. Муну айрым байкоочулар президент Бакиевдин 17-18-апрелге даярдалып жаткан Астанага расмий сапары менен байланыштырып жатышат. Аталган келишим 2001-жылдын 15-январында Астанада эки президент тарабынан кабыл алынган. Келишимди казак парламенти ратификациялаган. Кыргыз парламенти Каркыра жайлоосундагы, Таластагы жана Чүй суусунун боюндагы чегара аймактарында талаштуу маселе бар деп, келишимди ратификациялабай келген. (BuS)