Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

9:00 Равшан Жээнбеков: Мамлекетти жана улутту өнүктүрүүнүн башаты –эл бийлиги


“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, учурда АКШнын Масачусетс университетинде окуп жаткан Равшан Жээнбеков бүгүн мекендештерине кайрылуу жолду. Анд айтылгандай ушул тапта Кыргызстандыктардын алдында эки маанилүү маселе турат. Булар: катаал атаандашчылык күчөп жаткан мезгилде кичинекей мамлекетибизди кантип сактап калабыз жана кийинки муундарга кандай келечекти сунуш кыла алабыз, деген маселелер. Равшан Жээнбеков өз кайрылуусунда мекенибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана келечекке баа берүү үчүн 12-апрелде өтөрү белгиленип жаткан Элдик курултайдын болушу толугу менен мезгил талабына жооп берет, деп эсептейт. “Мамлекетти жана улутту өнүктүрүүнүн, өзгөртүүнүн башаты –эл бийлиги жана элдин ишеничи болуп саналат,” деп белгилеген Равшан Жээнбеков Кыргызстандын келечегин, ордун аныктоодо өлкөнүн чыныгы атуулдарынын катарында экендигин айтып кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG