Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

9:35 Кыргыз-казак чегарасындагы талаштуу аймактарга жана төрт пансионатка байланыштуу нааразылык акциясы бүгүн болбойт


Кыргыз-казак чегарасындагы талаштуу жерлерге жана төрт пансионатка байланыштуу нааразылык акциясына чыгышкан жаштардын үстүнөн сот иши уланууда. Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунун үч судьясы акциянын катышуучуларынын ишин карап жатат. Буга байланыштуу жаштар бүгүнкү акцияны токтото турууну чечишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган “Мен ишенбейм..” кыймылынын мүчөсү Гүлшаир Абдирасулованын айтуусунда кечээки сотто уюштуруучуларга жана жерди коңшуларга берүүгө жигердүү каршы турган улан-кыздарга катуу жаза берилип, “Акшумкар Кут” кыймылынын мүчөсү Айбек Бузурманкулов үч суткага камалган. “Дагы 42 улан-кыздын иши бүгүнкү сотто каралат. Эгер биз бүгүн сот чечимине апелляциялык арыз берүүгө жетишпей калсак, камакка алынгандар дүйшөмбүгө чейин жатып калышат. Ошондуктан, бүгүнкү акцияны токтото турууну чечтик,” деген Гүлшаир Абдирасулова сот чечимди бийлик тараптан берилген саясий буйруктун негизинде чыгарып жатат, деп эсептейт.
“Атамекен”, “Арнамыс”, “Жашылдар” партияларынын жаш канаттары, “Акшумкар Кут”, “Мен ишенбейм..” кыймылынын мүчөлөрү кечээ Жогорку Кеңештин алдында башталган нааразылык акциясы бир нече күнгө созуларын белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG