Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

10:50 Укук коргоочулар президентке кайрылуу жасашты


Кыргызстандагы адам укугун коргоочулардын консультациялык-координациялык борбору, “Ачык позиция” коомдук кору, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, ошондой эле “Психикалык ден-соолук жана коом” уюмдары бүгүн президентке кайрылуу жасашты. Укук коргоочулар Жогорку Кеңеште бүгүн каралып жаткан кыргыз-казак чегара келишими жана Ысыккөлдүн жээгиндеги 4 пансионат боюнча маселенин айланасында терең кыжаалаттык билдиришкен. “Чекара аймактарын башка мамлекетке берүү маселеси жалпы Кыргызстандын эли үчүн өзгөчө талылуу маселе, - деп айтылат кайрылууда. – Андыктан бул суроодо эң башкысы элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин аймактык бүтүндүгү сактылышы керек”. Укук коргоочулар, мындан сырткары, Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты берип коюп, мамлекеттин ичинде чет мамлекеттин анклавын түзүүнүн үстүндөгү талкуулар өзгөчө тынчсыздандырып жатканын айтышты. “Өзгөчө мааниге ээ бул маселе боюнча чечим кандай кабыл аплынып жатканы тууралуу маалыматтын жетишиздиги, анын үстүнө, маселени азырга чейин статусу ишеним жаратпаган парламент (шайлоонун жыйынтыктары азырга чейин ачык жарыялана элек) карап жатканы да ойлонтот, делет документте. Акыр аягында укук коргоочулар бул талкууларды токтотууну Конституциянын гаранты катары президенттин өзүнөн суранышты. (TD)

XS
SM
MD
LG