Кечээ түштүктөгү Эркечтам чегара постунда кыргызстандык чегара кызматкери 30 жаштагы Р. Мамасадыков каза болгону маалымдалган эле. ИИМ басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалымат боюнча Р. Мамасадыковду кытайлык жаран И. Зaиржан жүк ташуучу унааны башкаралбай калып, коюп кеткендиги аныкталган. (ZKo)