Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

12:08 Роза Отунбаева: Бул маселеде шашылбаш керек


Мындай маселелер жашыруун жүрбөшү керек жана аларды президенттердин визиттерине даярдабаш керек (президент К.Бакиевдин Казакстанга сапары боюнча-ред.), деп билдирди депутат Роза Отунбаева парламенттин ушул мүнөттөрдө жүрүп жаткан жыйынында. Аймактык маселе Өкмөттүн да, Тышкы иштер министрлигинин да күнөөсү көп. Анда шашылуунун кереги жок. Биз аны туура чечкенге жакындап калдык, бирок элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек, деди Р.Отунбаева. Анын айтканына жооп иретинде төрага А.Мадумаров: Президент өзү “Муну менин визитиме байланыштырбагыла” деп суранган. Муну фракция жетекчилери өздөрү улам суранып жатып, күн тартибине коюшту. Кичине эле бир нерсе болсо, президент суранып жатат деп чыгасыңар. Андай эмес”, - деди А.Мадумаров. (TD)

XS
SM
MD
LG