Бул маселе боюнча ички иштер министри Молдомуса Конгантиев депутаттардын алдында баяндама жасады. Анын айтуусунда бул программа аркылуу Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоого, андагы коррупцияны ооздуктоого чоң жардам берилет. Депутаттар бул мыйзам долбоорун суроо-сопкутсуз добушка коюп, кабыл алып беришти.(ZKo)
13:05 Парламент “Миң жылдыктын чакырыктары” программасына кошулуу тууралуу келишимди ратификациялады