Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

9:32 Тартип коргоо кызматкерлери курултайдын коопсуздугун камсыз кылууга даяр


Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирди. Министр милиция кызматкерлери оппозициябы, саясатчыбы бардыгына бирдей мамиле жасап, күнүмдүк жумуштары сыяктуу эле коомдук тартипти жана курултайдын коопсуздугун камсыз кылышарын белгиледи. Молдомуса Конгантиев курултай өтөт деп ага эч ким расмий кайрылбаганын, бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына шаардык бийликтен Элдик курултай өтө турган күн тууралуу кат түшкөнүн кошумчалады. “Биз кадимкидей эле күндөгүдөй жумушубузду алып бара беребиз. Албетте кызматкерлер ызы чуу болуп кетпесин, кокустук чыкпасын деп карап турушат. Биз алардын дагы коопсуздугун сакташыбыз керек”, - деди Молдомуса Конгантиев. (ZMa)

XS
SM
MD
LG