Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

10:15 ЮНЕСКО Кыргызстандын тарыхый баалуу жерлерин колдоого даяр, бирок...


ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандагы Сулайман тоо, Өзгөн мунарасы, Шах-Фазил, Чолпон-Ата, Бурана жана Саймалуу таш тарыхый эстелик жайлары кириши мүмкүн. Бирок ага Сулайман тоого аркан жол салуу идеясы бөгөт болууда. ЮНЕСКО менен архитекторлордун эл аралык уюмунун билдирүүсү боюнча аркан жол Сулайман тоонун кайталангыс уникалдуу эстелик катары баасын жоготуп, кадимки эс алуучу жайга айлантып салат. Андан тышкары Сулайман тоонун жанына салынып жаткан мечиттин мунарасы тоону жаап салса да табигый кооздугун жоготот деп тынчсызданышууда. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Жыпар Жекшеев жана Улуттук илимдер Академиянын тарых институтунун окумуштуулары билдиришти. (BD)

XS
SM
MD
LG