Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

10:20 Жалпы элдик курултай башталды, бирок шаар бийлиги сүйлөөгө тыюу салды


Бүгүн саат ондо жалпы элдик курултайдын катышуучулары Горькийдин Бишкектеги эстелигинин жанына чогула башташты. Бирок Бишкектин ал жерге келген мэри Данияр Үсөнов уруксат суроо өтүнүчүндө митинг өткөрүү тууралуу жазылган эмес жана шаардагы тазалыкты сактоого шаар бийлиги милдеттүү деп, сүйлөөгө, ырдоого тыюу салып, микрофондорду алдырып салды. Ал эми саат ондо ал жерге чогулган элдин саны 300дөн ашып, “Ата Мекен”, “Асаба”, “Ар намыс” партияларынын желектери илинди. “Асаба” партиясынын өкүлдөрү “Бийликти бир үйбүлө үчүн эмес улут үчүн иштөөгө чакырабыз!”, “Тилиңди, дилиңди жоготпо, кыргыз!” деген ураандар жазылган транспаранттарды көтөрүп турушса, Таластан келген делегаттар “Таластыктар алакандай жерин алтынга да алмашпайт!” деген ураандар менен келишкен. Курултайдан расмий бөлүгү саат 12де Кожомкул атындагы спорт сарайында башталат. (BD)

XS
SM
MD
LG