Бул тууралуу Бишкектин мэри Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында, борбордун бийлик өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдонун эстелиги орнотулган эс алуу багында роза гүлүнүн үч миң көчөтүн отургузуп, ал жерди акыр-чикирден тазалап жатышат. Ушундай эле ишембиликке шаардагы бир нече мекеме кызматкерлери чыгып, өз имараттары жайгашкан жерди тазалап жатышат. (BD)