“Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов Бишкек шаар мэри Данияр Үсөновдун сүйлөөгө тыюу салганына карабай мамлекеттеги кырдаалды ар тараптан иликтөө үчүн эл өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу экендигин билдирип, курултай алдындагы талкуу иш-чарасы башталгандыгын жарыя кылды. Андан тышкары курултайга келген делегаттарды каттоо башталды. Ал жерге азыр коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да чогулган. (BD)