Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

12:20 Курултайдын күн тартиби бекитилди


Курултай 15 адамдан турган президиумун бекитип, анын катарына Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Мукар Чолпонбаев, Аликбек Жекшенкулов, Абдыганы Эркебаев жана региондордон келген делегаттар кирди. Андан кийин 4 маселеден турган курултайдын күн тартиби бекитилип, “Кыргызстандын азыркы абалы жана келечеги” деген темада “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев доклад жасай баштады. Ал докладын “Кыргызстанда абал татаал, аны өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн саны өсүшү менен чет жакка иш издеп кеткендердин көбөйүшү айгинелейт” деп баштап, абалдын татаалдыгын далилдеген фактыларды белгилей баштады. Ө.Текебаевден кийин “Кыргызстандын экономикалык абалы” деген докладды Темир Сариев, “Конституциялык реформа жана анын натыйжаларына” арналган докладды Абдыганы Эркебаев жана Аликбек Жекшенкулов “Өнүгүүнүн ыйманы жана адеп-ахлактык” деген темада доклад жасайт. (BD)

XS
SM
MD
LG