Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

13:38 Д.Эсеналиев: “Курулай сындабай, конструктивдүү сунуш зарыл"


Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев элдик курултайда сын пикирлердин айтылышын Кыргызстанда демократиянын бар экендигинин далили жана ал мыйзам ченемдүү көрүнүш деп, "Азаттыкка" берген интервьюсунда баалады. Ал эми өткөн жылы экономикада ички дүң продукциянын өсүшүнүн 8%ды түзүшү, Камбарата-2 ГЭСин курууга киришүү жана социалдык тармактагы өнүгүүлөр эле азыркы бийликтин аракетин айгинелейт деп, саясий тармакта конституциялык реформанын жүргүзүлүшү менен бийлик саясий туруктуулукту камсыз кыла алды деп билдирди. Президент К.Бакиев 24-март майрамына арналган куттуктоосунда элди биримдик менен алга баруу чакырыгын эске албай жана конструктивдүү сунуштарды айтпай эле курулай сындоо да демократиянын көрүнүшү экендигин жана көп сын айтылып жаткан энергетика тармагын жакшыртуу боюнча оппозиция бир да иштиктүү сунуш киргизбегендигин Д.Эсеналиев баса белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG