Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” берген билдирүүсү боюнча, курултай сунуштаган экономикалык реформа президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу менен мурда эле башталган. Социалдык-экономикалык абал 3 жыл ичинде мурдагыга караганда жакшырды, муну эки жарым эсеге жогорулаган мамлекеттик бюджет далилдейт жана ага жараша маяна 50%дан 600%га чейин өстү деген басма сөз катчы азыркы парламентти шайлоочулардын 80%ынын добушу менен шайлангандыгын жана аны курултайга катышкан 1400 делегаттын пикири менен салыштырууга болбостугун белгиледи. Ал эми референдум менен кабыл алынган Конституцияны эл өзү гана жокко чыгара алат деп билдирди. (BD)