Бул тууралуу Адилет министри Марат Кайыпов “Азаттык” үналгысына бүгүн билдирди. Анын айтымында, курултай өткөрүү тууралуу Конституцияда атайын жобо бар болгону менен аны өткөрүү тартиби, ким чакырары, чечимдери кандай күчкө ээ болору тууралуу мыйзам кабыл алына элек. "Ошондуктан, кечээ өткөн курултайдын чечимдери мыйзамдык күчкө ээ болот деп айтууга болбойт,-деген Адилет министри М.Кайыпов,-элдик курултай кабыл алган чечимдер жалпы өлкө элинин мүдөөсү деп айтууга болбойт", - деп белгиледи. Анын айтымында, бул жолку курултайга делегаттар кандай принцип менен чакырылганы белгисиз жана аны оппозиция өзү каалаган адамдарды жыйнап келип, өз максатына жетүү аракетин көрүүдө деген пикирден улам чечимдери коомдук ишенимге ээ болот деп айтуу кыйын. (BD)
11:50 М.Кайыпов: “Курултай өткөрүү жөнүндө мыйзам жоктугуна байланыштуу анын чечимдери күчкө ээ эмес”