Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

15:23 Сулайман тоосунун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине кирип калуу үчүн талап кылынган документтер даяр


Бул тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талап кылынган бардык документтер даяр. Бирок ЮНЕСКО тоого аркан жол салынбашын, ага улай көк тиреген имараттарды курууну токтотууну, ошондой эле тоону бузбай сактоо кепилдигин мамлекеттин өзүнө алышын талап кылууда. “2000-жылы 6 объектти киргизүү сунушталган. Булар - Сулайман тоо, Өзгөн, Шах-Фазил, Чолпоната, Бурана жана да Саймалууташ. Бул биздин экинчи аракетибиз. Биринчи жолу адистерди катыштырбай, Тарых институтун кошпой тизмеге Чолпонатаны гана беришкен”, - деди Ж.Жунушалиев.

Буга чейин кабарлангандай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине Кыргызстандагы Сулайман тоо, Өзгөн мунарасы, Шах-Фазил, Чолпон-Ата, Бурана жана Саймалуу таш тарыхый эстелик жайлары кириши мүмкүн. Бирок ага Сулайман тоого аркан жол салуу идеясы бөгөт болууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG