Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

10:56 Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарды


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2008-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык жылдын башынан бери кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан 2696 млн. сомдук каражатка айыл-чарба продуктулары кайра иштетилип, негизги индекстик көлөмү 111,5 пайызды түздү. 2007-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2008-жылы бир катар айыл-чарба продуктуларын өндүрүү жогорулаган. Алардын ичинен кумшекер өндүрүү 7,4 эсеге, жашылча-жемиштерди өндүрүү 2 эсеге, сүт азыктары 30,9 пайызга, дан азыктары тармагында 15,8 пайызга, чай тармагында 7 пайызга, тамеки тармагында 6,4 пайызга, алкоголдук эмес суусундуктар тармагында 4,8 пайызга, арак өндүрүшүндө 4,3 пайызга жогорулоо байкалган. Ошол эле мезгилде спирт өндүрүү 52,9 пайыз, шарап 43,1 пайыз, кондитердик азыктар 3,8 пайыз, сыра өндүрүү 1,3 пайызга төмөндөгөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG