Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сабырбек Жумабековго Мустафа Кемал Ата Түрк атындагы эл аралык кайрымдуулук корунун “Алтын кол” наамы боюнча алтын медалды бүгүн аталган эл аралык кордун президенти академик Мүдүр Усманов тапшырат. Жумабеков 1987-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, 1991-жылы кандидаттык диссертациясын, 1995-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Анын 185 илимий, 25 ойлоп тапкан иштери бар. Он эки медицина илимдердин кандидатын даярдаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)