Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

17:21 “Акыл Ордо” коомдук кеңеши Каракол шаарында Каркыра менен төрт пансионат тагдырын талкуулайт


“Акыл Ордо” коомдук кеңеши 17-апрелде Ысыккөл облусунун Каракол шаарында жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда кезексиз отурумун өткөрүп, Каркыра жайлоосу менен төрт пансионаттын Казакстанга берилип жатканы туурасында талкуулашмакчы. “Акыл Ордонун” маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, бул маселенин тез арада ратификацияга коюлушу эл арасында түшүнбөстүктөрдү, талаш-тартыштарды, нааразычылыктарды жаратууда. Отурумга Ысыккөлдөн чыккан депутаттар Жангороз Каниметов, Кубанычбек Исабеков, Д.Кадыров, Б.Акунов жана бул жаатта иш алып барышкан бийлик өкүлдөрү Т.Турдумамбетов, С.Аламанов, Т.Мамытовдор чакырылган. Ошондой эле коомдук кеңеш ратификацияланган келишимдерди жокко чыгаруу боюнча да маселе көтөрө турганы айтылат. (IJz)

XS
SM
MD
LG