Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

17:30 Бүгүн “Мен ишенбейм...” кыймылынын сегиз мүчөсүнүн иши сотто каралды


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Гүлшайыр Абдрасулова билдирди. Биринчи Май райондук сотунда болгон бүгүнкү сот ишинин жыйынтыгында 2 адамга 2000 сомдон, 3 адамга 1500 сомдон, дагы 3 адамга 1000 сомдон айып жаза тагылды. Г.Абдрасулованын айтымында, аларга карата соттук чечим административдик кодекстин 392-беренесинин негизинде (“пикет-митингдерди өткөрүүнүн тартибин бузган”-ред.) чыгарылды. Жаштардын 10-апрелдеги нааразылык акциясы учурунда кармалган 52 адамдын ичинде 50 кишинин иши сотто каралууда. Бүгүнкү күнгө карата 34 кишинин иши каралып бүттү. Дагы 16 адамдын иши жакынкы күндөрү каралышы күтүлүүдө. Кыргыз-казак чегара келишимин ратификациялоого каршылык билдирип чыккан жаштар бүгүндөн тарта шаардык сотко доо арыздарын бере башташты, деп билдирди Г.Абдрасулова. (TD)

XS
SM
MD
LG