Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

19:15 "Дордой-Динамо" Тайвандын чемпиону "Тайвань-Пауэрди" 3 : 0 эсебинде жеңип алды


Тайвандын борбору Тайпейде Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн таймаштар өтүп жатат. Ушул тапта биринчи беттешүү аяктап, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Кыргызстандын "Дордой-Динамо" командасы Тайвандын чемпиону "Тайвань-Пауэр" командасын 3 : 0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Дордой-Динамо" футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков билдирди. Бул жолу чабуулчу Элдар Амиров 2 гол, Давран Аскаров 1 гол киргизип, өз тобун алга сүрөштү. Эми 16-апрелде "Дордой-Динамо" Камбоджанын чемпиону "Нагакорп" менен беттешмекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG