Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

20:53 Пикет-митингдерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат


Жаңы мыйзам долбоорун коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев сунуштоодо. Анын долбоору эртең парламенттин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитетинде каралаары күтүлүүдө. Укук коргоочулар аны “Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун эле жалпы республикага жайыла турган варианты” деп атап жатышат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борбору “Азаттыкка” билдиргендей, “ЕККУ Кыргызстанда жарандардын тынч митинг-пикеттерге эркин жыйналууга болгон укугунун айланасындагы окуяларга тынчсызданат”. ЕККУнун Бишкектеги борборунун маалымат катчысы Азамат Абабакиров уюм 2008-жылдын 29-январында Юстиция министри Марат Кайыпов менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда келишилген макулдашуулар мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашат го, Кыргызстан жарандардын укуктарын коргоодо Баш мыйзамдагы жоболорду жана өлкө өзүнө алган эларалык милдеттенмелерди карманат го, деп үмүттөнөөрүн айтты. (TD)

XS
SM
MD
LG