Сергей Лавров менен Масахико Комуро талаш жерлер жана тынчтык келишим түзүү маселелесин талкуулашкан. Тараптар ошондой ракетадан жамааттык коргонуу системасын түзүү боюнча пикир алмашкан. Орусиянын министри Сергей Лавров мындай система АКШ, Европа, Жапония, Орусия жана калган кызыккан өлкөлөрдү биригүүгө алып келерин билдирген. Жапон министри Токио менен Вашингтондун ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталбаганын, ал Түндүк Кореядагы өзөктүк сыноолорго байланыштуу айласыз көрүлгөн чаралар экенин белгилеген.