Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

9:25 “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү сот чечимине нааразы


Буга чейин Биринчи май райондук соту аталган кыймылдын 34 мүчөсүнүн ишин карап, эки баланы 3 суткадан 5 суткага чейин кабыл алып бөлүштүрүүчү жайга кесип, калгандарына бир миң сомдон эки миң сомго чейин айып пул таккан. “Сот нааразылык акциясына чыгышкандарга туура эмес чечим чыгарды”,-дейт “Кел-кел” жаштар кыймылынын жетекчиси Гүлшайыр Абдырасулова. Анын айтымында, соттук териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу “Мен ишенбейм” кыймылы жерлердин коңшу өлкөгө берилишине карата нааразылык акцияларын Бишекектин аймагынан сырткары, Каркыра жайлоосунда да өткөрүүнү болжоп жатышат. Кыймылдын калган мүчөлөрүнө сот 16-апрелде улантылат. 10-апрелде “Мен ишенбейм” кыймылынын 50 чукул мүчөсү Жогорку Кеңештин алдына Каркыра жайлоосундагы, Таластагы, Чүй суусунун жанындагы чегара аймактарын, Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстандын карамагына берилбесин деген талап менен нааразылык акциясына чыгышканда Биринчи Май райондук ИИБнин кызматкерлери аларды кармап кетип, административдик айып тагып Биринчи май райсотуна беришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG