Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Р.МАМЫРОВ: КЫРГЫЗСТАН СУУ КРИЗИСИНЕН ПАЙДА ТАБАЛАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ дипломаттар менен жолугушкан учурда өкмөт башчы Игорь Чудинов суу ресурстарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/74526197-45D9-4A32-B545-02943EEEE59B.asp чогуу пайдалануу маселеси чечилбесе, региондо экологиялык кырсык болушу ыктымалдыгын билдирди. Бул маселе боюнча “Азаттык” үналгысына энергетик адис, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыров маек куруп берди.

-Райымбек мырза, Токтогул суу сактагычындагы суулар кышында электр өндүрүүгө кетип, азыркы тапта суу сактагычта суу өтө аз калгандыгы кайра-кайра кайталанып айтылууда. Кыргыз өкмөтү электрди үнөмдөп, сууну жабууга туура келээрин билдирген. Айрым адисттердин айтуусунда, бул өз кезегинде коңшу өлкөлөргө жайкы суугат иштерине суу жетпей калат дегенди түшүндүрөт деп айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз, сугат суунун жетишсиздиги коңшу өлкөлөрдүн капачылыгына алып келбейби? Алар туура түшүнөбү?

-Премьер-министрдин кечээ күнкү жолугушуусу өткөндөгү өкмөттүн жыйынында кризистен алып чыгуу программасынын бир бөлүгү деп ойлойм. Туура эле болду деп ойлойм. Акыркы жылдары Өзбекстан, Казакстан суунун көп колдонуучулары катары биздин маселелерди көбүнчө сууга байланышкан мамилелерди жакшы кабыл албай келген болсо, азыр Токтогул ГЭСиндеги суунун азайып, бул көрүнүп турганы алар үчүн билиниши керек. Ошон үчүн дипломаттар аркылуу өздөрүнүн жетекчилерине жеткирип коюу тууралуу айтып жатат окшойт. Анан коркунуч албетте алып келет. Ошон үчүн бир жагынан бул Кыргызстан үчүн кыйын болуп жатса, экинчи жагынан ушул учурдан пайдаланып, коңшулар менен жакшы келишим түзүп алганга аракет кылышыбыз керек.

-Дегеле Кыргызстан өзүндө болгон суу энергетика мүмкүнчүлүгүнөн он пайызын гана колдонуп келет деген сөздөр бар. Ошол эле учурда сууну пайдаланууда Борбор Азиядагы башка коңшулардын дагы кызыкчылыгы эске алынып жүрөт деп айтылууда. Бул жолу дагы коңшулар Кыргызстанды суу бербей койду деп күнөөлөбөй, түшүнөбү деген сөз болуп жатат...

-Менимче, дал ушул суунун азайып, мурда ишенбей, эч нерсе болбойт деп келе жаткан болсо, бүгүнкү күндөгү көрүнүш айгинелеп турат. Булар эми өздөрү барып, Токтогулду дагы көрүп жатса керек, жогорудагы запастарды дагы көрүп жатышса керек. Буларды эми үйрөтүш керек буга.

Чын эле буга чейин алар көбүнчө жакшы кабыл албай келди деп айтпадымбы. Биз аларга дайым даярдап, кышында даярдап, жайында сууну Токтогул ГЭСинен эки өлкөгө берип келген болсок, алар өздөрүнүн газ, көмүр Кыргызстанга алып келүү программасынын көбүн аткарбай келген, электр энергияны албай келген. Ушул учур аларды дагы үйрөтүш керек. “Жаман болбой жакшы жок” дегендей мааниде айтып жатам.

-Жакынкы күндөрү парламент энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун карашы күтүлүп жатат. Бирок коомчулукта колдо бар жалгыз байлыгыбызды менчик колго карматып жиберип, кайра элибиз сызга отуруп калабы деген коркунуч бар. Адис катары сиз кайсы жагына кошуласыз? Менчиктештирүү бизди кризистен алып чыга алабы?

-Менчиктештирүү энергетиканын бардыгы жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Ошон үчүн мен дайыма айтып келем, менчиктештирүү жөнүндө сөз болгондо, мен мурдагы парламенттин депутаты катары, өз убагында колдогом, ал “Түндүкэлектронун” бирөөн гана менчиктештирүү, же болбосо ижарага берүү тууралуу сөз болгон. Анан эгер станциялар жөнүндө, же болбосо Улуттук электртармактары жөнүндө боло турган болсо, мен ага кескин каршымын, ал жөнүндө сөз дагы болбош керек.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG