Бул тууралуу билдирген “Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы декабрь айында өткөрүлгөн Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча ар бир шайлоо участогунун протоколдорунун негизинде жыйынтыгын али күнчө коомчулукка жарыялай элек. “Ар намыс” партиясынын ушул өтүнүчүнө карата БШКнын берген жообу бизди канаатандырбайт,- деди Алиев. “Ар намыс” партиясы 5-мартта жана 7-апрелде шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо өтүнүчү менен БШКга кат жолдогон. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы 14-апрелде “Ар намыс” партиясына жообун жиберип, анда Шайлоо Кодексинин 48, 77-беренесине ылайык шайлоонун жыйынтыктары 20-21-декабрда “Эркин тоо” гезитине жарыяланып, бардык иштер мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгү маалымдалган. (AJ)