Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

14:13 Өлкө башчы Курманбек Бакиев Чыңгыз Айтматовду кабыл алды


Президент Курманбек Бакиев жазуучуну 80-жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал залкар жазуучунун зор талантын, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын өнүгүүсүнө кошкон салымын баалай турганын айтып, жазуучунун мааракесин өткөрүү боюнча атайын программа иштелип чыкканын билдирди. Ал боюнча, салтанаттуу иш-чаралар Кыргызстанда гана эмес башка мамлекеттерде дагы өткөрүлөт. Чынгыз Айтматов болсо анын ишмердүүлүгүнө ушундай көңүл бурулуп жатканы үчүн президентке ыраазычылык билдирди. Анын айтымында,ага карата сый-урмат дагы да көп-көп чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзөт. Жолугушуу учурунда маданияттын өнүгүүсү, ааламдашуунун коомго тийгизег таасири талкууланды.
2008-жыл президенттин жарлыгы менен Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG